Албек Ибраимов мэрликке жалгыз талапкер
Бишкектин мэрлигине Албек Ибраимовдун гана талапкерлиги көрсөтүлдү. Аны шаардык кеңештеги Социал-демократтар фракциясы сунуштады жана коалициялык көпчүлүккө кирген, оппозициялык азчылыкты түзгөн фракциялардын баары колдоп берди. Ибраимов эреже-талап боюнча 19-февралда мамлекеттик тилден сынак тапшырды.