Аксынын Кербен айылында кийинки аптага пландалган нааразылык акциясы өтпөй турган болду. Бул тууралуу бүгүн Жалал-Абадда маалымат жыйынында Аксы районунан жергиликтүү кеңеш депутаты Жанарбек Надырбеков билдирди. Анын айтымында, бийлик алар койгон талаптарды аткара баштады, демек, митингге чыгуунун зарылчылыгы жок.
Бирок Аксыдан дагы бир депутат Камчыбек уулу Шекербектин айтымында, 22-февралга пландалып жаткан митинг сөзсүз өтөт, себеби талаптар аткарыла элек.
10-февралда Аксы районунун Кара-Жыгач айылында жашоочулар тынчтык митингин өткөрүп, анда коюлган беш талапты аткарууга өкмөткө он күн убакыт берген. Алар социалдык фондго төлөмдөрдү жеңилдетүүнү, электр энергиясына тарифтерди арзандатууну, мамлекеттик камсыздандыруу мыйзамын жокко чыгарууну, чек ара маселелерин чечүүнү жана балдарга жөлөкпул берүүдөгү документ иштерин жөнөкөйлөтүүнү талап кылууда.
Өкмөттүн соңку маалыматына караганда, Кыргызстанда электр энергиясы кымбаттабайт, Социалдык фонд төлөмдөрү кайра төмөндөйт. (RsK)