Кыргызстанда 2016-жылдын экинчи жарымынан аналогдук телекөрсөтүүлөр өчүрүлө баштайт. Экономика министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, өчүрүүлөр этап-этап менен жүрөт. Тийиштүү мамлекеттик кызматтар кардарларга санариптик каналдарга өтүүнү камсыздаган жабдуулар менен жеткирет. Унаа жана байланыш министрлиги аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ресивер акысыз берилерин билдирген.
Кыргызстан 2015-жылдын июнь айынан санариптик берүүлөргө өтүүнү баштаган. Бирок аналогдук каналдар өчүрүлө элек болчу.