Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:02

УКМК: "Кыргызмунайгаз" мамлекетке ири суммада зыян келтирди


Улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматы "Кыргызмунайгаз" ишканасындагы жемкорлукту иликтей баштаганын кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, 2014-жылы ишкана "Спецсервис" деп аталган компаниянын эсебине 8 миллион сомго жакын акчаны мыйзамсыз которуп жиберген. Факт боюнча кылмыш иш козголуп, иликтөө башталды.

"Кыргызмунайгаз" Жалал-Абад облусунда Кочкор-Ата шаарында жайгашкан. Анын уставдык фондунун 85% мамлекетке таандык. (RK)

XS
SM
MD
LG