8-февралда эрте менен Түндүк Кореянын күзөттөгү аскер кемеси Түштүк Кореянын аймактык суусуна кирип келген. Түштүк Корея тарабынан эскертүү иретиндеги атуулардан кийин кеме артка кеткен.
Бул окуя Корей жарым аралында кырдаал курчуп турган мезгилге туш болду.
Түндүк Кореянын космоско ракета учуруусу БУУнун Коопсуздук Кеңеши тарабынан кескин айыпталып, Пхеньянга карата катаал санкцияларды киргизүү колдоого алынууда. (AiT)