Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:14

Алматыда карыздарлар дагы нааразылыкка чыкты


Алматыдагы нааразылык акция, 2-февраль, 2016.
Алматыдагы нааразылык акция, 2-февраль, 2016.

Ипотекалык насыяга үй алып, карызын төлөй албай калган ондогон адамдар бүгүн Каспий банктын кеңсесинин алдына чогулду. Алар теңге арзандап кеткендиктен насыя төлөө кыйындап кеткенин айтып, насыя төлөө шарттарын өзгөртүүнү талап кылышты. Акцияга чыккандар банк жетекчилигинен насыяны казак теңгесинин былтыр жыл башында долларга чаккандагы курсу - 183 теңге менен эсептөөнү суранууда. Бүгүнкү эсеп боюнча бир доллар 360 теңгеге барабар.

Нааразылыкка чыккандар колдоруна "Бир доллар - бир теңге", "Казакстандын банктары эл аралык талаптарга ылайык иш жүргүзсүн" деген жазууларды кармап турушту.

Казакстанда доллар менен насыя алып, аны төлөй албай калгандар буга чейин да ушундай эле талап менен бир канча жолу акцияга чыккан. Бирок алардын талаптарына азырынча жооп боло элек.

XS
SM
MD
LG