Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:15

Керри Сириядагы жаатташкан тараптарды сүйлөшүүгө чакырды


Кошмо Штаттардын Мамлекеттик катчысы Жон Керри Сирия өкмөтү менен оппозициялык топторду тынчтык сүйлөшүүлөрдө негизги ролду ойноого чакырды.

Керри өз билдирүүсүн Дамаскиден башкаруучу режим менен оппозициянын делегациясы Женевага Улуттар Уюму өткөрүп жаткан тынчтык сүйлөшүүлөргө чогулгандан кийин 31-январда интернет аркылуу жасады.

Керри Сириядагы кризисти токтотууда “аскерий чечимдин кереги жоктугун” айтып, андай болсо согуштан калган нерселер таптакыр жок болорун, андан “Ислам мамлекети” тобунун мүчөлөрү пайдаланарын эскертти.

Президент Башар ал-Асаддын армиясынан жабыркап, ач калган сириялыктарга тамак-аш жана башка гуманитардык көмөк көрсөтүүдө чукул кадамдарды жасоого чакырды.

XS
SM
MD
LG