Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарчасындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жалпы дааратканасынан жаңы төрөлгөн ымыркай табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, куткаруучулар баланы 27-январь күнү кечки саат 10го жакын даараткананын ичинен тирүү чыгарып алып, Тез жардам бөлүмүнө өткөрүп беришкен.
Ымыркай тууралуу маалыматты 112 кызматына жергиликтүү тургундардын бири кабарлаган. (SE)