Райондун 400дөй тургуну бүгүн элдик курултайга чогулуп, жерге жана соцфондго болгон төлөм акыларынын жогорулашына байланыштуу нааразылык билдиришти. Бул тууралуу курултайды уюштуруучулардын бири Эсенгелди Эргешов “Азаттыкка” билдирди.
Өткөн жылдын 26-декабрында да райондун айрым тургундары акимчилик алдында митинг өткөрүшкөн. Чогулгандар жер-жерлерден 15 миң адамдын колун чогултуп, февраль айынын соңуна чейин парламентке, өкмөткө кайрылуу жөнөтөрүн билдиришти.
Быйыл социалдык фондго төлөмдөр аймактардагы орточо айлык акынын суммасына жараша жогорулаган. Мурда жүз сомго жетпеген каражат төгүп жүргөндөр жаңы эреже боюнча андан он эсе көп төлөйт. Сумма жарым жыл сайын өзгөрөт. Мисалы, 2015-жылдын 1-июлунан киши башына 680 сомдон төлөнсө, 2016-жылдын 1-январынан тарта ал 720 сом болот. Ала-Букадагы орточо айлык 12 миң сомдун тегерегинде деп табылган. Буга аймактагы кен казган “Казахмыс” жана “Иштамберди” ишканаларындагы маяналар негиз кылып көрсөтүлгөн.(RsK)