Украина баш калаасында чечен диаспорасынын өкүлдөрү ишемби күнү Орусиянын элчилигинин жанында пикет өткөрүштү. “Америка үнү” радиосунун орус кызматы билдиргендей, алар “Чеченстанда жана Кавказда Кремл режимин токтотууну” талап кылышты. Аларга Крым татарлары межилисинин төрагасы, эл депутаты Рефат Чубаров да кошулуп, Орусия мурунку СССРден бөлүнүп чыккан Украина, Грузия, Молдова жана Балтика мамлекеттерине таасир көрсөтүүсүн токтотушу керектигин билдирди.
Акцияны европалык чечен дисапорасы уюштурганы, орус оппозициясына тиешеси жок экени кабарланды.
Митингчилер талаптары жазылган катты орус президенти Владимир Путинге жолдоого аракет кылышты, бирок аларга элчиликтен эч ким чыккан жок.
Уюштуруучулар бул сыяктуу пикеттерди Кремл саясатынан тажап, башка мамлекеттерге кетип калган чечендер 23-январь күнү АКШда, Канадада, Түркияда, Иорданияда да өткөрүшкөнүн билдиришти. (SE)