Кыргыз-түрк форумунда эки тараптуу кызматташуу боюнча үч келишимге кол коюлду. Документтер Кыргызстандын Экономика министрлиги менен Түркиянын бажы жана соода министрлиги жана соода, өнөр жай палаталары ортосунда түзүлдү.
Макулдашууларда эки өлкөнүн соода экономикалык кызматташтыгын арттыруу, орто жана чакан бизнести өнүктүрүү жана Түркиянын модели боюнча Кыргызстанда өнөр жай аймактарын куруу маселеси каралган.
21-январда Анкара шаарында кыргыз-түрк ишкерлеринин эки күндүк бизнес форуму башталды. Анын максаты - Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийинки эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү. Иш-чарага Кыргызстандан экономика министри Арзыбек Кожошев баштаган жүздөн ашык мамлекеттик кызматкерлер жана ишкерлер, Түркиядан 150гө жакын өкүл катышууда. (SE\UEz)