Борбордук Шайлоо Комиссиясынан Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынына чакырылган саатка эч ким келбей койду. Муну БШК ушу тапта Жогорку Сотто өтүп жаткан сот жараянына катышуусу менен түшүндүрдү.
БШКнын маалыматын угуу чечими эртең менен кабыл алынып, тиешелүү кат жөнөтүлгөн болчу.
"Кыргызстан" фракциясынын сунушу менен депутаттар Элмира Жумалиева жана Чолпон Эсенаманова 11-январда БШК чечими боюнча мандатынан ажыраган. Бирок Бишкектин Биринчи Май райондук соту бул чечимди жокко чыгарган. Ушу мүнөттөрдө маселе Жогорку Сотто каралып жатат.
Ага чейин "Республика - "Ата-Журттан" депутат Жыргалбек Саматов Орусиянын жараны деген негизде мандатынан бир нече жолу ажырап, кийин Жогорку Соттун чечиминен кийин гана депутаттык ордунда калган.
Мандат талаш маселесине байланыштуу БШКнын маалыматын угууну Жогорку Кеңеш эки жумадан бери пландап, бирок күн тартибине кирбей келаткан. Бүгүн гана чечим кабыл алынган. (RK)