Жалал-Абаддын Сузак районуна караштуу Атабеков айылынын тургундары милиция кызматкерлери мал уурулук боюнча солгун иш алып барууда деп нааразылык билдирип жатышат. Кечээ, 20-январда жашоочулар айыл борборуна чогулуп, акция өткөрүштү.
Жергиликтүү тургун Кубанычбек Каландаров өткөн жылы 6 баш малын сарайынан уурдатып, ушул күнгө чейин уурулар табылбай, орган кызматкерлери жакшы тергебей жатат деп даттанды.
Эски жылда эле ушул айылдан 20дан ашык мал жоголсо, алар ээлерине кайтарыла элек.
Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Нурбек Жаныбеков тургундардын айтканын четке кагып, табылбай жаткан малдын көбү чек ара аркылуу Өзбекстанга өтүп кетиши мүмкүн дейт.
2015-жылда район аймагында 71 мал уурулук фактысы катталып, анын 58инин бети ачылган. Жалал-Абад облусунда көпчүлүк мал уурулук фактылары ачык чек ара тилкелеринде катталат. (RsK)