Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:54

Анкарада кыргыз-түрк бизнес форуму башталууда


Бүгүн, 21-январда Түркиянын борбору Анкара шаарында кыргыз-түрк ишкерлеринин бизнес форуму башталат. Форумдун негизги максаты - Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийинки эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү.

Иш-чарага Кыргызстандан 100дөн ашык, Түркиядан 150гө жакын ишкер катышат.

Алар эки күн ичинде тажрыйба алмашуу, инвестиция тартуу жаатында эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Форумга экономика министри Арзыбек Кожошев да катышат. Бул иш-чара 4-ирет өтүүдө. Буга чейинкилери Стамбулда уюштурулган.

Иш-чаранын демилгечилери - Кыргызстан достук жана кызматташтык уюму, ЖИА ассоциациясы, эки өлкөнүн өнөр жай жана соода палаталары, экономика министрлиги менен элчиликтери. (UEz)

XS
SM
MD
LG