Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:47

Акун: Мандатынан ажыраган депутаттардын укуктары тебеленүүдө


Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

11-январда Борбордук шайлоо комиссиясы мандатынан ажыраткан депутаттардын укуктары бузулууда. Бул тууралуу мурдагы акыйкатчы, Улуттук кеңеш деп аталган кыймылдын башчысы Турсунбек Акун "Азаттыкка" билдирди.

- Депуттарды эл шайлаган. Азыр депутаттардын укугу бузлууда. Аларды акча бергенине карап "пешка" сыяктуу эле улам алмаштыра берген туура эмес. Бул боюнча акыйкатчы, укук коргоочулар пикирин билдириши керек. Бул жерде эл өкүлдөрүнун пикирин эске албай туруп чечим чыгарган БШК да туура эмес кылууда.

Турсунбек Акундун айтымында, ал жетектеген Улуттук кеңеш деп аталган уюм парламенттин ишине өз алдынча көзөмөл кылат.

11-январда БШК “Кыргызстан” фракциясынын эки депутаты Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманова, “Ата Мекендин” өкүлү Жоомарт Сапарбаевдин мандатын токтоткон. Сапарбаев өз каалоосу менен кетип жатканын белгилесе, калган экөө арыз жазбаганын айткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG