Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:34

Ооганстанда тынчтык орнотуу боюнча сүйлөшүү Исламабадда башталды


Ооганстандын коопсуздук күчтөрү.
Ооганстандын коопсуздук күчтөрү.

Ооганстан, Пакистан, Кошмо Штаттар жана Кытай дипломаттары Пакистан борборуна чогулуп, ооган өкмөтү менен талиптердин ортосунда тынчтык планы боюнча сүйлөшүүнү 11-январда баштады. Сүйлөшүүгө Ооганстандын тышкы иштер министринин орун басары Хекмат Карзай, Пакистандын тышкы иштер боюнча катчысы Айзаз Чаудри жана АКШ, Кытайдын жогорку даражалуу дипломаттары катышууда. Бирок талиптер катышкан жок.

Сүйлөшүүдө тараптар Ооганстанда тынчтык орнотуу үчүн ооган өкмөтү менен талиптердин ортосунда түз сүйлөшүү тез арада башталышы керектигин белгилешти. Ооганстанда тынчтык сүйлөшүүлөрдү баштоо алдында талиптер чабуулун күчөтүүдө. Муну адистер талиптердин өз позициясын бекемдө максаты катары баалашууда. Пакистанда сүйлөшүү башталган күнү Ооганстанда мектепке минометтун огу тийип, үч бала каза тапты. Бул окуя үчүн жоопкерчиликти эч бир тарап ала элек. (AiT)

XS
SM
MD
LG