Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичтин Крымдагы курулуп бүтө элек резиденциясы Орусия президентинин иш башкармалыгына бериле турган болду. Адегенде бул имарат Севастополь шаарына берилип, курулуш аяктаган соң ал жерде пансионат, же санаторий ачылары айтылып жаткан.
Украин маалымат каражаттары Крымдын "Мыс Айя" эс алуу базасындагы үч жарым гектар жерди мурдагы президенттин чоң уулу Александр Януковичке жакын кишилер 2007-жылы 1 миллион 200 миң долларга сатып алганын жазып чыгышкан. Бул жердеги курулуш иштери азыр токтоп турат.
Виктор Янукович 2014-жылы февралдын аягында Киевде бир канча күнгө созулган нааразылык акцияларынан улам бийлигин таштап, Украинадан качып чыгууга аргасыз болгон. Азыр ал Орусияда баш калкалоодо.
Украинада бийлик алмашкан соң Москва Крым жарым аралын аннексиялап алган.