Мурманск облусунда -30 градуска жетип жаткан суукта 300 миң жашоочу газсыз калды. Жергиликтүү маалымат агенттиктери кабарлагандай, сууктан улам көгүлтүр оттун басымы өтө төмөндөп, турак-үйлөргө жеткирүү көйгөй жаратууда.
Ушул күндөрү Орусиядагы бир катар аймактарда чектен ашкан суук болуп жатканын синоптиктер кабарлоодо. Жергиликтүү бийликтер үйсүз селсаяктарга чатырчаларды тигип, убактылуу башпаанек берүү аракетин көрүүдө. (SE)