Судандын бийлиги Сауд Арабиясынын элчилигине жасалган кол салууга нааразылык иретинде ирандык дипломаттарды өлкөдөн чыгарып, Тегерандагы элчисин чакыртып аларын кабарлады. Бул тууралуу Судандын президенттик администрация башчысы Ирандын коргоо министри менен болгон телефон аркылуу сүйлөшүүдө тилектештигин билдиргенин SPA маалымат агенттиги жарыялады.
Мындан башка Кувейт, Йемен, Египет бул окуяда Сауд Арабиясына тилектештигин билдиришти. Буга чейин Бахрейн Иран менен алаканы толук токтотконун билдирген. Ошондой эле Бахрейн андагы шииттерди сырттан тымызын колдогону үчүн расмий Тегеранды айыптап, эки күндүн ичинде өз элчисин чакыртып аларын белгиледи.
Буга чейин Бириккен Араб Эмирлиги Иран менен болгон байланышты үзөрүн жарыялаган.