“Азаттык”: Өспүрүм кыздарга нике кыйган молдолорду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча мыйзам долбоор коомдук талкууга коюлду. Бул демилгеге пикириңиз кандай?
Фронтбек кызы: Бул демилгени 4-чакырылыштагы депутаттар, Гүлжамал Султаналиева да көтөргөн эле.
Туура, мыйзам түрүндө болгону жакшы. Бирок мыйзам чыгаруучулар ички маселелерди билбей жатат. Өспүрүм курактагыларга нике кыйбаш керек дегени жакшы, бирок расмий каттоосу жок никени молдолор кыйбасын деп жатышат. Молдолор ансыз деле кыйбайт, Кыргызстандын ар бир намаз окуган жараны нике кыя алат. Аны эч ким тыя албайт. Ошондуктан муну молдолорго шылтабаш керек.
Негизгиси коомчулуктун диний деңгээлин көтөрүш керек. Тескерисинче, жаш кызга үйлөнгөндөр тааныш, туугандарына эле нике кыйдырып, атайын имам-хатибдерге барбайт. Андай болгон соң алардын үстүнөн арыз да жазышпайт.
Мыйзам чыкканы жакшы, бирок көп аял алгандар жоопко тартылсын, кесилсин дегендей эле иштебеген мыйзам болуп калат. Биз маалымат каражаттары аркылуу эрте турмушка берүү эмнеге алып келет, анын кесепети кандай болот дегендей берүүлөрдү көбүрөөк даярдап, социалдык роликтерди бериш керек.
Кыргызстанда 14-15 жашында турмушка чыккан кыздар толтура. Аларды ким, эмнеге берип атат? Алардын ата-энесине түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек. Кыздарга билим алуу, деңгээлин көтөрүү канчалык маанилүү экенин айтыш керек. Бул мамлекеттик деңгээлде чечилчү маселе. Никени намаз окуганды чала-була билген адамдар эле кыйып жатат.
“Азаттык”: Мыйзамды кабыл алуу менен мына ошондойлорду жоопко тартуу ишке ашабы?
Фронтбек кызы: Эгер андай болсо “молдолор” деп баса белгилебеш керек. "Бул нике кыйган бардык жарандарга тиешелүү" деп жазылса туура болот. Ошол эле кызды эрте турмушка берген ата-энесине айып салынышы керек. Ошондуктан мунун механизмдерин жакшылап иштеп чыгып, бир системага салуу зарыл. Болбосо ишке ашпайт.
“Азаттык”: Муфтият бир да жаран эрте куракта нике кыйып койду деп арыздана электигин айтты. Өзүнчө фатва чыгарып коюу маселенин чечилишине жардам бере алабы?
Фронтбек кызы: Бир дагы мындай арыз жок. Муну анча-мынча намазды окуганды билгендер жасап жатат.
Ал эми азыр Кыргызстан динден бөлүнгөн, светтик өлкө дейбиз. Анан муфтият фатва чыгарганда аны ким аткарат, ким угат? Мисалы, Совет учурунда “кылмыш тууралуу айткандарга же кылмыштын бетин ачканга жардам бергендерге колдоо болот” деп айтылчу эмес беле. Азыр ошондой кылыш керек. Туугандары айтпай жаткандан кийин эрте курактагы кыздарга нике кыйгандар тууралуу маалымат бергендерге стимул бериш керек, коомчулукту кызыктырыш керек. Болбосо “бул бизге тиешеси жок, айтканда эмне” деп жүрө беришет.
“Азаттык”: Негизи эрте турмушка чыгууга шарият кандай карайт?
Фронтбек кызы: Бизде фатва чыгарчу муфтият бар. 17-18 жаштан тартып чыгыш керек деген Осмон империясынан берки фатвалар бар. Булар дагы ошого карап ошол куракка чейин турмушка чыкпасын деп чыгарып жатат. Мыйзам деле ошондой, карама-каршы эч нерсе жок.
“Азаттык”: Акча берсе кыя берет, бул бизнеске айланды деген да сындар жок эмес.
Фронтбек кызы: Мен андай пикирлерге кошулбайм. Молдолорго нике кыйганы үчүн акча берген, жилик тарткан учурлар деле дээрлик жок. Жилик, жамбаштын бардыгын депутаттар жешет. Азыр көп болсо Кытайдын көйнөгүн бериши мүмкүн. Айрымдар "батаңызды берип коюңуз" деп 500 сом бериши мүмкүн. Көйнөк менен беш боорсок берет. Анан бизнес дегенге кошулбайм. Көптөрү зына болбосун деп канчада чакырса да барышат. Ошол жагын да карашат.