Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:49

Расмий каттоого турмайынча диний никеге уруксат бербөө сунушталууда


Кыргызстанда баш кошуп жаткан жубайлар расмий каттоодон өтмөйүнчө молдонун нике кыюусуна уруксат бербөө боюнча дагы бир мыйзам долбоору даярдалды. Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Салянова менен Элмира Жумалиева иштеп чыккан мыйзам коомдук талкууга коюлганын парламенттен кабарлашты. Эл өкүлдөрү эгер молдо жубайлардын расмий каттоого алынганы тууралуу күбөлүктү көрбөй туруп нике кыйса, аны 3-5 жылга чейин эркинен ажыратууну сунушташууда.

Ушуга окшош мыйзам долбоорун буга чейин депутат Айнуру Алтыбаева да демилгелеп, бирок ал өтпөй калган эле. Анда расмий каттоого турбай нике кыйдаргандарга административдик жаза колдонуу жазылган болчу.

Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда түтүн булаткандардын теңинен көбү убагында мамлекеттик каттоого турбайт. (SE)

XS
SM
MD
LG