Өкмөттүн токтомуна ылайык, 1-январдан тартып чет өлкөгө учкан ар бир жарандан 10 доллардын ордуна 15 доллардан алынат. Буга байланыштуу буйрукка өкмөт башчы Темир Сариев 10-декабрда кол койгон. “Манас” эл аралык аэропортунун төрагасы Эмир Чукуев мындай чечимди кабыл алуудан мурда 120 өлкөнүн тажрыйбасы изилденип, көпчүлүк мамлекеттерде аэропорттон чогултулган акча 10-40 долларга чейинки сумманы түзөрүн “Азаттыкка” билдирген болчу.
Өкмөт бул каражатты 2007-жылы Жапониядан алган 50 млн. доллар насыяны төлөөгө жана аэропорттогу жабдууларды жаңылоого жумшайбыз деп турат. Эксперттер өкмөттүн бул буйругун сындап чыгышкан. (КЕ/SDz)