Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:53

Кытай менен Жапония ортосундагы талаштуу аймакка Бээжиндин куралдуу кемеси кирди


Кытай жана Жапония ортосундагы талаш аралдар.
Кытай жана Жапония ортосундагы талаш аралдар.

Кытайдын жээкти коргоо уюмунун куралдуу кемеси Чыгыш-Кытай деңизиндеги талаштуу аймакка кирди. Ал жердеги аралды Жапония Сенкаку, Кытай Дяоюйдао деп атайт.

Жапон жээк коргоочулары Кытайдын куралдуу кемеси кирип келгенин бышыктады. Бээжин болсо мында эч кандай мыйзам бузуу жоктугун, жээк коргоочулардын кемеси аймакта сүзгөнгө акылуу экенин билдирди.

Арал 19-кылымдын аягында Кытай менен согушта жеңишке жеткен соң Жапонияга өткөн. Экинчи Дүйнөлүк согуштан соң аны Америка оккупациялап, кийинчерээк Жапонияга кайтарган. Бээжин болсо арал зомбулук менен тартып алынганын айтып, аны өзүнө кайтарып алууну талап кылып келет. (SE)

XS
SM
MD
LG