Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:59

Четтен каржыланган маалымат каражаттары Орусияда отчет берип турат


Орусиянын Мамдумасы маалымат каражаттарын чет элдик каржылоону ачык көргөзүүгө милдеттендирди. Бул мыйзам долбооруна ылайык Орусиядагы жалпыга маалымдоо каражаттары сырттан алынган гранттык же башка бир демөөрчүлүк каражаттар туурасында бийлик органдарына отчет берип турууга тийиш.

Буга чейин аталган мыйзамда маалымат каражаты чет элдик каржылоосун жашырууга укуктук негиз берилерин ырастаган берене бар болчу. Бул шарт экинчи окуудагы кызуу талкуудан соң алынып салынды. Ошондой эле депутаттар чет элдик каржылоо булактарынын тизмесин кеңейтти. Эми ага чет мамлекеттердин өкмөттөрү, эл аралык уюмдар, чет өлкөлүк жарандардан сырткары Орусияда чет элдик агент катары таанылган коммерциялык эмес мекемелер дагы кире турган болду.

XS
SM
MD
LG