Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:14

Жер титирөөдөн жабыркаган Кызыл-Сууга 11 көчмө темир үй жеткирилди


Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, жалпысынан аймакка жеткирилген 89 темир көчмө үйгө 126 үй-бүлө жайгаштырылды. Дагы алтымышка чукул үй-бүлө чатырларда жана туугандарынын үйлөрүндө баш калкалап жатышат.

17-ноябрдагы күчү 7 баллга жакын жер титирөөдөн кийин Оштун Кара-Суу районундагы Кызыл-Суу айыл аймагында 172 үй жараксыз деп табылган. Силкинүүнүн очогу Чайчы кыштагында болгон. (AzK)

XS
SM
MD
LG