Маалыматтарга караганда, Эштон Картер Ирактагы америкалык күчтөрдүн командачылыгы менен “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы аскерий операцияны активlештирүү маселесин талкуулайт.
Коргоо министринин бул сапары алдында АКШ Иракка армиянын “Ислам мамлекети” тобунунун согушкерлерине каршы Ирак менен Сирияда рейддерди жүргүзүүчү атайын тобун жайгаштыруу планын жарыялаган.
Ошондой эле Ирактын Рамади жана Фаллужа шаарын согушкерлерден кайра алуу үчүн ирак армиясына Apache тик учактарын жана көбүрөөк аскерий кеңешчилерди сунуш кылган.
"Ислам мамлекети" тобу жети ай мурда ээлеп алган Рамади шаарын бошотуу үчүн америкалык кеңешчилер жана ирактык аскерий өкүлдөр бир нече айдан бери иштеп жатканы менен азырынча натыйжа боло элек. (UE)