Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен Көк-Таш айылында эки өлкө жарандары ортосунда 7-декабрда жаңжал чыкты. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, окуя кечки саат 20:30 чамасында болгон. Тажик тараптан чогулуп келген кишилер Көк-Таштагы мектептин терезелерин сындырган.