Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:09

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал басылды


Баткен районунун Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен аймагындагы Көк-Таш айылында абал турукташты. Эки тараптан топтолгондор тарап кеткенин район акими Кеңеш Салихов “Азаттыкка” билдирди.

Эки өлкө жарандарынын ортосунда 7-декабрь күнү жаңжал чыкты. Акимдин айтуусунда, ага эки коңшунун чатагы себеп болгон.

- Жаңжалдашкандардын бири тажик, бири кыргыз жараны. Алардын чырынан улам беш-алты киши чогулуп, тарапма-тарап болуп кетишкен. Тажик жарандары Көк-Таш айылындагы мектептин анча-мынча терезелерин сындырыптыр. Биздикилер алардын үйлөрүнө таш атыптыр.

Салихов билдиргендей, окуяда эч ким ден соолугуна зыян келген жок. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү күч органдарынын кызматкерлери менен барып, кечинде чек арага топтолгон кишилерди таратты. Азыр айылда абал тынч.

Чек арадагы такталбаган жерлерден улам кыргыз-тажик чегинде тез-тез чыр чатак катталат. (SE)

XS
SM
MD
LG