ВИЧ дартын өмүр бою изилдеген чикаголук дарыгер Роб Гарофало бөйрөк рагынан айыгары менен эле анализ тапшырып, өзү да ВИЧ жуктурганын билген. Жашоодон үмүт үзгөн дарыгер ит багып алгандан кийин алаксып, оорусун убактылуу болсо да унутуп жашап келет.
Кыргызстанда ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алып, катталгандардын саны - 6285 киши. 1276 киши бул дарттан көз жумган. Адистердин пикиринде, СПИДге чалдыккандардын 58% жакыны маңзатты ийне менен сайынуудан улам, 38% ашууну жыныстык жол менен жуктуруп алган.
ВИЧ менен ооругандар бул дарт сыноо экенин, аны менен эрки күчтүүлөр гана алпурушуп жашоосун улантарын айтышат. Кыргызстанда ВИЧ-СПИДге чалдыккандар кандай үмүт менен жашайт? Аларга кимдин колдоосу күч-кубат берет?
ВИЧ оорусуна чалдыккан айрым кыргызстандыктардын турмушу, жашоого болгон көз карашы тууралуу баянды сунуштайбыз. Коомдо бул дартты алып жүргөндөргө терс көз караш калыптангандан улам, каармандардын ысымдары жашыруун бойдон калды.
"ВИЧке чалдыкканымды кош бойлуу кезимде билдим"
Биринчи каарманыбыз ВИЧ оорулуу экенин билгенине эки эле жыл болду.
"Мен азыр 32 жаштамын. 2013-жылы кош бойлуу кезимде менде ВИЧ инфекциясы бар экенин аныкташкан. Суук кабарды адеп укканда жер аңтарылып кеткендей болду. Кыйналдым. Көзүмөн жаш кетпеди. Кийин догдурлар ВИЧ-инфекциясы менен кантип жашап, кантип дарылануу керектигин түшүндүрүп беришти. Дары иче баштадым. Көз жардым. Төрөгөндөн кийин балам да дары ичти. Каттоодо турдук. Балам бир жарым жашка чыкканда аны каттоодон чыгарышты. Себеби анын каны таза чыкты. Азыр баламдын ден-соолугу жакшы. Чоңоюп жатат. Өзүм болсо дары ичем. Мага балам күч-кубат берет. Баламдын, жакындарымдын, ата-энемдин ден-соолугун тилеп, ийгиликтерине кубанып жашап жүрөм".
"ВИЧти алып жүргөнүмдү жашырам"
Экинчи каарманыбыз мурда маңзат колдончу экен. 43 жашта. Оорусу аныкталганына бир топ жыл болду. Ал өзүн жумуш менен алаксытып жүргөнүн, болгон үмүтү балдарынын жаркын келечегинде экенин айтат:
"2009-жылы ВИЧ оорулуу экеним аныкталган. Буга чейин көп жыл маңзат колдонгон элем. Бүгүнкү күндө Бишкек шаардык СПИД борборунда көзөмөлдө турам. Антиретровирустук дарыларды 2009-жылдан бери ичип келатам. Башында ушул дарыны ичкенге чейин абдан кыйналгам. Дары ичкенден бери жакшы болуп калдым. Анализдеримдин көрсөткүчтөрү да жаман эмес. Дарыларды ушул борбор аркылуу акысыз алып турабыз. Айрым бейөкмөт уюмдар да жардам берип турушат. ВИЧ-инфекциясы эмес, аны менен кошо пайда болчу ооруларга каршы да дарыларды алып турабыз. Коомчулуктун бизге болгон көз карашы ар кандай. Ошол себептүү мүмкүн болушунча жашырганга аракет кылабыз. Бирөө-жарым билип калып, терс мамиле кылган учур азырынча менде боло элек. Азыркы тапта бизге дарылар үмүт берип жатат. Аларды ичкенден кийин анализдерибиз улам жакшырат. Анан үй-бүлө, бала-чаканы көрүп, алардын келечегин ойлоп кубаттанабыз. Жеке өзүмдү жаман ойлордон балдарым, үй-бүлөм алаксытып, жумушум күч-кубат берип турат. Спортко деле көп аралаша албай калдым. Жашым деле өтүп кетти да эми. Кыйналганымда жакындарымдын колдоосу дем берет".
"Жашоодон аша кечкен күндөр болот"
Үчүнчү каарманыбыз жашоодон аша кечкен убактарда өзүн жооткоткон жалгыз адам Бишкектеги дарыгери экенин айтат. Баш калаада ВИЧке кабылгандарды жубаткан психолог болгону менен, аймактарда бул маселе чечилген эмес. Каарманыбыз таптакыр мүңкүрөп калганда интернеттен тамашалуу тасмаларды, советтик кинолорду көрүп эс алат экен:
"Башында абдан оор болгон. Бирок догдурлар мени жооткотуп, алдыга сүрөй башташты. Мага менин диагнозум өкүм эмес экенин, айрым адамдар өмүр бою диабет, жүрөк оорулары менен күрөшүп келатканын мисал келтирип жооткотту. Эгер дары ичсем толук кандуу, узак жашай аларымды түшүндүрдү. Албетте, мунун баарын түшүнгүчө далай убакыт өттү. Көпкө чейин өзүмө келе албай жүрдүм. Догдурлар мени менен жакшы иштешти. Мен өз жакындарымды, ата-энемди, бир туугандарымды абдан жакшы көрөм. Алар менен баарлашуу мен үчүн чоң бакыт. Анан жумуш менен да алагды болуп, жаман ойлорго баш оорутпайм.
Жаман ойлор келип турат, албетте. Маселен, досторум ВИЧ эмес да. Алардын жашоосун көрүп кээде жашагым келбей кетет, эмнеге мындай болуп калдым деп кыйналам. Алар менин диагнозумду билишпейт деле. Бирок эми муну менен жашаш керек да, айла жок.
Өзүмдү жубатуу үчүн жаман ойлордон качып, тамашалуу кинолорду, айрыкча советтик тасмаларды көп көрөмүн. Же болбосо барып догдурум менен сүйлөшөм. Бишкекте жашаганымдын бир артыкчылыгы, бул жактагы бизди караган догдур психологиялык жактан аябай жакшы колдоо көрсөтөт. Шаардык СПИД борборунда жакшы психолог бар. Ушундай адистер менин билишимче абдан аз, жетишпейт. Бишкекте бизди түшүнүп, иштеше алган психологубуз бар, бизге жеңилирээк".
Жугуунун жаңы жолдору чыкты
Эми бул жеке баяндардан кийин Кыргызстандагы ВИЧ-СПИД оорусу боюнча акыркы кырдаал, жугуу жолдору тууралуу Республикалык СПИД борборунун жетекчиси Үмүткан Чокморова "Азаттыкка" буларды айтты:
"Азыр каттоодо 6 миң 285 киши турат. 1996-жылы эпидемия башталгандан бери 1276 киши каза тапты. Кыргызстанда болжол менен акыркы мезгилде жугуу жолдору абдан өзгөрүп жатат. Мурда маңзат колдонгондордун арасында көп болсо азыр жыныстык жол менен жуктургандар көбөйдү. Буга миграция да кошулду. Чет жакта иштеп келген айрым жаштарыбыз кайтып келгенде анализ тапшырып, ВИЧ оорулуу экенин ушул жактан билип, каттоого туруп жатат. Кыргызстанда алдын алуу боюнча болжолдоочу "Спектрум" деген программа бар. Болжол менен ВИЧ оорулуу 9102 киши жашайт. Биз ошолордун 65 процентин гана таап, аныктадык. Калганы эл арасында жуктуруп жүрөт. Ошондой эле кан аркылуу жуккандар да арбыды. Мисалы, бизде азыр көп кишилер медициналык ар кандай процедуралардан өтүшөт, тиш догдурга барышат, маникюр, педикюр, чач тарачта болушат дегендей. ВИЧ десе эле элде жыныстык катнаштан жугат деген түшүнүк бар. Бирок бул туура эмес. Негизи жылына ар бирибиз бир ирет текшерилип, анализ тапшырып турушубуз керек".