Чүй облусунун Панфилов районундагы жаштар арасындагы чырдын себептери тергелүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Нургүл Нусупова кабарлады.
Чүй облустук ички иштер башкармалыгы жергиликтүү жаштар арасында чатак чыкканын белгиледи. Маалыматка караганда, айылдагы эки мектептин окуучусунун ортосунда чатак чыгып, окуя андан ары күчөп кеткен. Эки мектептин окуучулары окуяны өз алдынча териштирүү үчүн бул күнү эки ирет чогулушкан. Эки үйдүн терезеси сынган. Облустун жана аймактык милиция, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү түшүндүрүү, алдын- алуу иштерин жүргүзүүдө. Учурда абал тынч. “Бейбаштык” беренеси боюнча факт катталып, учурда чырдын себептери териштирилип жатат. (КЕ)