Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:24

АКШ жарандарына террор коркунучун эскертти


Кошмо штаттар дүйнө кезип жүргөн жарандарына Парижде 13-ноябрда 130 адамдын өмүрүн алган чабуулдардан соң террор кооптуулугу күчөгөнү тууралуу эскертүү жасады. Мамлекеттик департамент 23-ноябрда тараткан билдирүүдө "ал-Каида", "Боко Харам" жана башка террористтик топтор ар кайсы өлкөлөрдө террордук чабуулдарды жасоону мерчемдеп жатканы боюнча маалыматтар бар экени айтылып, соңку убакта эле Данияда, Францияда, Малиде, Нигерияда жана Түркияда террордук чабуулдар болгону эскертилет.

"Америкалыктар сыртта жүргөндө коомдук жайлар менен унааларда сак болуп, айланасындагы окуяларга абай салып жүрүүгө тийиш жана көп киши чогулган жерлерге барбай эле койгону дурус", - деп белгиленет мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө.

XS
SM
MD
LG