Акыйкатчы институтунун маалыматына караганда, Кыргызстандын Пакистандагы консулдугунда иштеген Э.Т. аттуу кызматкер укугу бузулганын айтып арызданган.
Ал 2009-жылы элчиликке ишке орношуп, быйыл мартта баласын кароо үчүн эс алууга чыкканын, кайра кайтып келгенде анын ордуна башка бирөө иштеп жатканын жана элчиликтин кызматкерлери имараттан чыгарып салышканын белгилеген.
Кызматтан айрылган аял иши жоктугунан балдарын мектепке жана бакчага киргизе албай жатканын белгилеген. Акыйкатчы институту буга байланыштуу тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевге кайрылып, абалды териштирип, кыргызстандык жаранга жардам берүүнү өтүндү. Азырынча элчиликтен маалымат алууга мүмкүн болгон жок. (КЕ)