Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:10

Кыргызстандын тышкы карызы 3 млрд. 630 млн. долларга жетти


Бул тууралуу 19-ноябрда каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоков билдирген. Анын айтымында, насыялардын 98 % ашууну жеңилдетилген шартта алынган.

Бирок доллардын курсунун өсүүсү сырткы карызды төлөөдө оорчулук жаратууда. Быйылкы жылы тышкы карызды төлөөгө 14 млрд. 600 млн. сом каралса, анын ичинен курстук айырма үчүн 700 млн. сом кошумча төлөөгө аргасыздык чыккан.

Валюта базарында доллардын курсу жогорулагандан жогорулап баратат. 19-ноябрда кечке жуук доллардын сатуудагы баасы 73 сом 30 тыйын болду. (AiT)

XS
SM
MD
LG