Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:40

Өкмөт башчы жер титирөөдө жабыркагандар менен жолугууда


Жер силкинүүдөн кийинки көрүнүш
Жер силкинүүдөн кийинки көрүнүш

Премьер-министр Темир Сариев бүгүн Оштун Кара-Суу районуна барып, 17-18-ноябрь күнкү жер титирөөдө турак-жайына залака кеткен жарандар менен жолугушууда. Президент Алмазбек Атамбаев шаршемби күнү премьерге кырсык болгон аймактарга барууну, абалды көрүп, жабыркагандарга жардам берүү боюнча чараларды иштеп чыгууну тапшырган.

17-ноябрда кечинде жер титиреп, Кара-Суунун Талдык, Лаглан, Тээке, Алай районунун Гүлчө, Кызыл-Суу жана Боз-Караган айылдарында күчү жети баллга жеткен. Андан ондогон үйлөргө жарака кеткен. Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Өзгөн районунда жер титирөө 4,6 балл болгон.

Премьер-министр бүгүн Кадамжай районундагы Бүргөндү массивин өздөштүрө баштоонун 40 жылдыгына байланыштуу иш-чарага катышууну да пландаган. Өкмөт башчы Баткен облусунда жүрүп жаткан жол курулуштарын көрөт.

Бүргөндү массивинде узундугу 114 чакырым келген канал курулууда. Анын аяктоосу менен 3,5 миң гектар сугат жер кошулат. Каналдын курулушу республиканы туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стартегиянын негизинде каржыланууда. (AiT\SE)

XS
SM
MD
LG