Жогорку Соттун алдындагы судьялардын окуу борбору "Кыргызстанда укуктун үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү" долбоору менен судьяларды жана прокурорлорду атайын окуудан өткөрүүдө. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. 11-ноябрда башталган тренинг 13-ноябрда аяктайт.
Кыргызстандык юристтерге франциялык адис Николь Коше менен жергиликтүү эксперттер сабак берүүдө.
Долбоорду Европа биримдиги каржылайт. (SE)