Ирактагы күрттөрдүн Пешмерга кошуундары түндүктөгү Синжар шаарын “Ислам мамлекети” радикал уюмунан кайтаруу операциясын жүргүзүшүүдө. 12-ноябрда таңга маал АКШ аскерлеринин абадан колдоосу менен күрттөр шаарга үч багыттан жыла башташты.
Тоо арасындагы Синжар Сириянын жихадчылардын колундагы аймактары менен Мосулду байланыштырган тилкеде орун алган. Былтыр августта согушкерлер шаарды ээлеп алганда язиди азчылыгы тоолорго качууга аргасыз болушкан. Алардын массалык өлтүрүлүшү жөнүндө маалыматтар тарагандан кийин АКШ эл аралык коалиция түзүп, радикалдардын Ирактагы турумдарына аба соккуларын баштаган.