Украина президенти Петр Порошенко өлкө чыгышында кырдаал курчуп, мамлекеттин бүтүндүгүн сактап калуу маселеси коркунучта калганын белгиледи. Бул тууралуу улуттук коопсуздук жыйынында айтып, Донецк жана Луганск облустарындагы жикчилдер “Минск келишимин” бузуп, "өкмөт күчтөрүнө көө жабуу аракетин көрүп жатканын" эскертти.
Армия өкүлү Андрей Лысенко Донецк шаарынан 50 километр алыстагы Гранитино конушунда шаршемби күнү бир аскер кызматкери мерт кетип, бешөө жарадар болгонун билдирди. Ошондой эле жикчилдер тынчтык келишимин бир күндө 21 жолу бузганын кошумчалады.