Түркмөн жана ооган президенттери Ашхабаддагы кездешүүдө жаңы газ куурун салуу иштерин 13-ноябрда баштоо жөнүндө макулдашышты. Узундугу 1735 чакырымга жеткен түтүк Ооганстандагы Герат-Кандагар кан жолун бойлой салынып, Пакистандын Кветта жана Мултан аймактарын аралап, Индия-Пакистан чек арасындагы Фазилка шаарчасына чейин жаткырылмакчы. Ал аркылуу Түркмөнстандагы Галкыныш кенинен жылына 33 миллиард куб метр жаратылыш газы ташылып турат деп мерчемделүүдө.
Ооганстан жылына 5 миллиард куб метрге чейин пайдаланууга ээ болуп, транзит акысы катары жылына 400 миллион доллар алып турмакчы.
Ооган мамлекет башчысы Ашраф Гани бул 7,6 миллард долларлык долбоор бүтүндөй регион үчүн маанилүү деп белгиледи.