Жогорку Кеңештен билдиришкендей, комитеттердин саны 12ден 9га кыскарат. Маалыматка караганда, бүгүн комиттеттер түзүлөт. Алар:
-Конституцяилык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана депутаттык этика комитети;
-Коопсуздук, коргонуу жана эл аралык иштер комитети;
-Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү комитети;
-Билим берүү, илим, маданият, спорт жана социалдык саясат комитети;
-Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитети;
-Транспорт, байланыш, архитектура жана курулуш комитети;
-Экономика жана фискалдык саясат комитети;
-Бюджет жана каржы комитети;
-Мыйзамдуулук жана тартип коргоо комитети.
Булардын ичинен акыркы экөө оппозициядагы фракцияларга берилет. 2-ноябрда Жогорку Кеңеште КСДП, “Кыргызстан”,”Өнүгүү” жана “Ата-Мекен” фракциялары биригип көпчүлүк коалиция түзүлгөн.
Ушул тапта фракцияларда комитет төрагаларын шайлоо, комитеттерди түзүү боюнча кеңешүүлөр жүрүүдө.(КЕ)