Басып кетүүнү эңсеген Канайым
20 жаштагы Канайым Абсамат кызы Москвада күч колдонуп, зордуктоого аракет кылган адамдан качып, 7-кабаттан кулаган. Чоң калаада окуган студент кыз “ата-энеме тыгынчык болсун” деп, окуудан тышкары жалданып, үй тазалоо иштерин жасачу. Жамбаш сөөктөрү жана бели катуу жаракат алган Канайым учурда С.П. Боткин атындагы шаардык ооруканада. Акча каражатынын жоктугунан ага бир ай өткөндөн кийин гана биринчи операция жасалды. Операциянын алдында Канайым “Азаттыкка” окуя кандай болгонун толук айтып берди. Зордуктоого аракет кылды деген Шавкат Акимов камакка алынып, ага Орусиянын Кылмыш кодексинин 131-132-беренелери боюнча айып тагылган. Канайымга жардам берүүнү каалагандар үчүн энеси Гүлшандын телефон номуру: +7 926 367 50 34, "Сбербанк" картанын номери: 4276 3800 9842 1576 (Гүлшан Абдиманапова М. картасы)