Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:56

Түркияда автокырсыктан жабыркаган кыргызстандыктардын биринин абалы оор


Бул туурасында “Азаттыкка” “Авемлис” компаниясынын жетекчиси Шерболот Аскербек уулу билдирди. Анын маалыматына караганда, жабыркаган кыргызстандык беш жарандын бири Арслан Асанкулов оор абалда Анталиядагы жеке клиникада жатат. Анын башы жабыркап, жамбашы менен акыреги сынган.

Аталган компания Асанкуловдун Москвада жүргөн ата-энесине билет алып берип, учурда алар уулунун жанында. Дагы бир жаран медициналык жардам алган соң, жатаканага чыгарылды. Жеңил жарат алган 3 жаран эмгек келишими аягына чыккандыктан бүгүн Бишкекке кайтып келишет.

24-октябрь күнү Түркиянын Кемер-Кумлужа жолунда жүргүнчүлөр менен бараткан автобус жолдон чыгып кетип,12 адам жабыркаган. Арасында бешөө Кыргызстандын жараны. Алар “Авемлис” компаниясы аркылуу бул өлкөдө иштеп жүрүшкөн.

Түркиянын Haberler агенттиги маалымдагандай, автобус Анадолу аймагындагы мейманкананын кызматкерлерин Анталияга алып бараткан болчу. (AzK/RK)

XS
SM
MD
LG