Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан кабарлашты. 28-29-октябрь күндөрү “Мите курттардан арылабыз” аттуу акциянын алкагында башталгыч класстын окуучуларына митеге каршы дары берилет. Облус аймагындагы 12 жашка чейинки ар бир бала дарыгердин көзөмөлүнөн өтөт.
Мындан сырткары мектептерде окуучуларга ооруну алдын алуу боюнча тасма көрсөтүлөт.
Мите куртка каршы акция республика боюнча 2007-жылдан бери өткөрүлүп келет. Расмий маалымат боюнча бул жылдар аралыгында мите курттар менен ооруган жарандардын саны 14 пайызга чейин азайган. Адистер колду таза жууп, жугуштуу ичеги-карын жана мите (паразитардык) оорулардын алдын алса болорун белгилешет. (ErN)