Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:50

Мальдив аралынын вице-президенти кутумга шектелип камалды


Мальдив республикасынын вице-президенти Ахмед Адиб мамлекет башчыны тактыдан түшүрүүгө кутум даярдаган деген шек менен камалды. Би-Би-Синин кабарлашынча, бул тууралуу Мальдивдин ички иштер министри Умар Насир Твиттердеги баракчасына жазган. Адибге мамлекетке чыккынчылык кылды деген айып тагылууда.

Президент Абдулла Яминге сентябрдын соңунда өз кемесинде сүзүп жүргөн маалда кол салуу болгон. Президенттик кеме Мальдив аралдарындагы Мале шаарына жакындаган учурда жарылган. Бул маалда президент Сауд Арабиядан ажылык сапардан келе жаткан. Анда президенттин жубайы, жансакчысы жана жардамчысы жараат алган.

Абдулла Ямин 2013-жылы президент болуп шайланган. 2008-жылга чейин Мальдивди 30 жыл анын аталаш тууганы Момун Абдул Гаюм башкарып турган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG