Донецкте орусиячыл жикчилдер “жергиликтүү мыйзамдарды бузууда” деген жүйө менен эл аралык “Чек арасыз дарыгерлер” уюмунун миссиясына тыюу салды.
Бул тууралуу өздөрүн "Донецк элдик республикасы" деп атап алгандардын өкүлү Франс-пресс агенттигине билдирген. Ал эми уюмдун өкүлү Барт Янссенс бул чечим кооптуу экенин айтып, тынчсыздануусун билдирген. “Чек арасыз дарыгерлер” аймакта негизги иштерди аткарып келген. Эми биз адамдарды дарылоону токтотушубуз керек”, - деген ал Франс-пресске берген интервьюсунда.
Украин маалымат каражаттарынын жазганына караганда, аталган уюмдун дарыгерлери негизинен кургак учук ооруканаларында жана Донецктеги түрмөлөрдө иштеп келишкен.
Сентябрдын соңунда “Чек арасыз дарыгерлер” менен бирге жарандарга көмөк көрсөткөн дагы тогуз уюмдун өкүлү кошуна Лугансктан чыгарылган. Жикчилдер аларды “психоптроптук заттарды мыйзамсыз сактаган” деп айыптаган болчу.
Буга чейин жикчилдер Кызыл чырым эл аралык комитетине жана “Адамдар кыйын кырдаалда” деген чехтердин уюмуна тыюу салган. (КЕ)