Турганбаев: Итибаевге көмөктөшкөндөр кармалды
Ички иштер министри Мелис Турганбаев 22-октябрдын түнүндө “Достук” кичи районунда болгон атайын операция боюнча маалымат жыйын өткөрдү. Ал куралдуу каршылык көрсөтүп жатып жок кылынган Алтынбек Итибаевге көмөктөшкөн эки жаран кармалганын айтты. Турганбаев мындан сырткары жергиликтүү жашоочуларды коопсуз аймакка көчүрүү жана Итибаев жашынган үйдүн чоо-жайы тууралуу суроолорго жооп берди.