Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:04

Муса Адышевдин 100 жылдыгы белгиленди


Бүгүн Бишкектеги Улуттук филармонияда окумуштуу, гелогия-минерология илимдеринин доктору Муса Адышевдин 100 жылдык мааракеси белгиленди. Илимпоздун юбилейлик датасына байланыштуу президент Алмазбек Атамбаев куттуктоо жолдоду.

“Кыргыз элинин татыктуу уулдарынын бири, айтылуу Алымбек датка менен Курманжан датканын чөбөрөсү, Кыргыз ССР Илимдер академиясынын академиги Муса Адышев улуттук илимдин башатында турган залкар илимпоздордун бири катары кыргыз элинин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат" деп белгиленет куттуктоодо.

Муса Адышев 1915-жылы Оштун Алай районундагы Гүлчө кыштагында төрөлүп, 1979-жылы Фрунзе шаарында кайтыш болгон.

Жыйырма жылдан ашуун Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Геология институтун, андан соң Кыргыз илимдер академиясын жетектеген. (SE)

XS
SM
MD
LG