Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:28

Кара-Сууда 8 гектардан ашуун жер мыйзамсыз берилгени аныкталды


Бул тууралуу “Азаттыкка” УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынан кабарлашты. Билдирүүдө айтылгандай, Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагынын жооптуу кызматкерлери менен Кара-Суу райондук архитектура жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери аталган айылдагы 8,35 гектар жерди “айыл чарба” багытынан “калктуу конуш” категориясына мыйзамсыз жол менен өткөрүшкөн. Натыйжада жер тилкесин участокторго бөлүп жеке менчик колдорго таркатып жиберишкен. Бул ишке Мамлекеттик каттоо кызматынын райондук башкармалыгы да аралашкан.

Окуя ушул жылдын апрель айында катталган. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө башталды.

Бир апта мурда Кара-Суунун Сарай айыл өкмөтүндө “0,56 гектар айдоо аянты жеке менчик участогуна мыйзамсыз берилип кеткени кабарланган. (ErN)

XS
SM
MD
LG