Баткен облусундагы Сүлүктү шаарында иштеп жаткан үч адам газга ууланып каза болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Дагы эки адам жабыркап ооруканага түшкөн. Окуя 20-октябрь күнү кечке жуук “Матазим” ишканасына таандык шахтада болгон.
Каза болгондор:
Хамидов Камалжон Халикович, 30 жашта,
Разыков Ганижон Давранович, 20 жашта,
Сулайманов Шокир Сулайманович, 32 жашта.
Жабыркагандар:
Сангинов Халилжон Халикович, 24 жашта,
Сангинов Жамалидин Жоликович, 25 жашта.
Баары жергиликтүү тургундар.
Кыргызстандагы шахталарда жыл сайын адам өлгөн учурлар катталат. Андай окуяларга коопсуздук эрежелеринин сакталбаганы себеп болот. (SE)