Америка Кошмо Штаттарынын Транспорт министри Энтони Фокс кечээ Вашингтондо басма сөз жыйынын өткөрүп, кимдики экени белгисиз дрондордун учуп жүрүүсү коопсуздукка коркунуч жаратарын билдирди.
“Быйыл учкучтар аты жок, кимге таандык экени белгисиз дрондордун учуп жүргөнүн 2014-жылга салыштырмалуу эки эсеге көп байкашыптыр. Биздин аба мейкиндигибизде учкучсуз учкан дрондордун саны улам арбып баратат. Алардын бири-бирине зыян алып келбеши үчүн коммерциялык тараптарды өз дрондорун каттоого алып, мыйзам чегинде учурууга чакырамын”, - деди Энтони Фокс.
Министрдин айтуусунда, дрондордун учуш тартибин ырааттоо ишин мамлекеттик органдар жана жеке компаниялар менен биргеликте талкуулап анан ишке ашыруу керек. Бул үчүн АКШда дрондорду учуруунун атайын эрежелери, тартип нормалары иштелип чыгышы керек.