Бул тууралуу "Бир дүйнө" укук коргоо уюмунан кабарлашты. "Ас-Сарахси" мечитинин мурдагы имамы Рашод Камалов боюнча Кара-Суу райондук сотунун өкүмүнө макул болбогон райондук прокуратура Ош областтык сотуна кайрылды. Алар имамды беш жыл эркинен ажыратуу туура эместигин билдирип, жогорку инстанциядан имамды 10 жылга күчөтүлгөн режимде камоону өтүнүүдө.
7-октябрда Кара-Суу райондук соту диниятчы Камаловду диний кастыкты козутууга, экстремисттик материалдарды сактоого жана таратууга айыптуу деп таап, 5 жылга жатак абакка кескен.
Сот айыпталуучуну имамдыкка дайындоо тууралуу муфтияттын буйругу жоктугун, имамдын үй-бүлөсү бар экендигин жана буга чейин туура эмес иштерге катыштыгы жоктугун эске алуу менен анын абак мөөнөтүн кыскарткан. Камаловдун жактоочулары да кассациялык арыз берүүгө камданышууда.
Кара-Суу шаарындагы "Ас-Сарахси" мечитинин имамы, 37 жаштагы Рашод Камалов 9-февралда кармалган. Ага каршы "экстремизмге чакырган", "халифат курууга аракет кылган" жана "Сирияга адамдарды жөнөткөн" деген шек менен иликтөө иштери башталган. Камалов өзүнө коюлган айыптарга макул эмес. (ErN)